Редакцияот 11.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2019-жылдын 11-июну № 73

Сасык-Булак айылынын тургуну Алтымышов Темирдин жазган кайрылуусун кароо жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сасык-Булак айылынын тургуну Алтымышов Т. жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл өкмөтүнө жайгашкан кампада жыйналып турган материалдардын ичинен (балка,стропила,п одщиферный рейка, доска, шифер ) жыгачтарынан алуу үчүн атайын комиссия курамы түзүлсүн жана уруксат берилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов