Редакцияот 11.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2019-жылдын 11-июну № 75

Сасык-Булак айылынын тургуну Айдаров Каныбектин жазган кайрылуусун кароо жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып , айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сасык-Булак айылынын тургуну Айдаров Каныбектин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну Айдаров К. жалгыз жашап , сарай салууга шарты жок болгондугуна байланыштуу жардам катары 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин .

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов