Редакцияот 11.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2019-жылдын 11-июну № 79

Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин директору Ч.Мамбеталиеванын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин директору Ч.Мамбеталиеванын жазган кайрылуусу канаттандырылсын.

2. Сасык-Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин ажатканасын жаңы салууга уруксат берилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов