Редакцияот 05.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2019-жылдын 5-июлу № 81

Чоң – Токой айылынын тургуну Райымкулова Нуризанын жазган кайрылуусун кароо жөнүндө

Чоң-Токой айылынын тургуну Райымкулова Нуризанын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып , Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Токой айылынын тургуну Райымкулова Нуризанын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Чоң-Токой айылынын тургуну Райымкулова Нуризанын уулу Алтымышов Нурматтын онкологиялык оорусун Турциядагы клиникадан дарылануусу үчүн 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнөн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов