Редакцияот 05.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2019-жылдын 5-июлу № 82

Кеңеш айылынын тургуну К.Медетованын жазган кайрылуусун кароо жөнүндө

Кеңеш айылынын тургуну Медетова Калмиранын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып , Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айылынын тургуну Медетова Калмиранын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Кенеш айылынын тургуну Медетова Калмиранын бөйрөгүн Республикалык больницадан дарылануусу үчүн 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнөн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов