Редакцияот 05.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2019-жылдын 5-июлу № 87

Кара-Ой айылынын туругуну Мураталиев Кубанычбек Абдыжапаровичтин жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы

Токтом кылат:

1. Кара-Ой айылынын Мураталиев Кубанычбек Абдыжапаровичтин жазган кайрылуусу канаттандырылсын.

2. Кулаган – Таш өзөнүнөн күн чыгыш тарабындагы №1697 чөйрө сызыгында жайгашкан 0,90 га жана тескей бетинде жайгашкан №1692 чөйрө сызыгында жайгашкан 4,10 га жер тилкеси көрктөндүрүүгө жашылдандырууга жана №1692 чөйрө сызыгынын ичинен 0,50 га жер тилкеси жеңил курулуш курууга уруксат берилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов