Редакцияот 16.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 16-марты № 5

Жаргылчак айыл өкмөтүнүн балансында турган МТЗ-82 тракторун “Үлгүлүү-Жаш” техсервисине 1 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берүү жөнүндө

Жаргылчак айыл өкмөтүнүн балансында турган МТЗ-82 тракторун “Үлгүлүү-Жаш” техсервисине 1 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берүү максатында айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн балансында турган МТЗ-82 тракторун “Үлгүлүү-Жаш” техсервисине 1 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилсин.

2. “Үлгүлүү-Жаш” техсервисинин жетекчиси Т.Адигинеевге, МТЗ-82 тракторун ар бир айылга 3 күндөн иштетип туруу милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Жаныбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.А. Мокеев