Редакцияот 16.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 16-марты № 3

Жаргылчак айылдык кеңешинин конкурстук комиссиясы жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-марты, №124 токтомунун негизинде айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызматына конкурс өткөрүү үчүн комиссия курамын бекитүү максатында айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаргылчак айылдык кеңешинин конкурстук комиссиясы төмөндөгү курамда бекитилсин:

- Сулаев Ж. - конкурстук комиссиянын төрагасы;

- Турдумамбетов Н.А.- комиссиянын катчысы;

- Асаналиев Т.К.-райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү, комиссиянын мүчөсү;

- Шорукова Ж.Т. – жооптуу катчы, комиссиянын мүчөсү;

- Өмүрова А.- аялдар кеңешинин төрайымы, комиссиянын мүчөсү;

2. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.А.Мокеев