Редакцияот 28.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 28-октябры № 117

Сасык-Булак айылынын жамаатынын жазган кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Сасык-Булак айылынын жамаатынын жазган кайрылусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылынын мечити жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу, мечиттин жанынындагы үйдүн ордуна жаңы мечит салууга уруксат берилсин.

3. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылынын мечиттин жанындагы үйдүн ордуна жаңы мечит салуу  үчүн иш кагаздарды бүтүрүүгө 50 000  (элүү миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын  2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин .

4. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов