Редакцияот 28.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 28-октябры № 121

Сасык-Булак айылынын жеке ишкери Рысалиева К. жазган кайрылуусун кароо жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сасык-Булак айылынын жеке ишкери Рысалиева К. жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылындагы тигүүчү цехтин имараттынын ичин толугу менен ремонт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов