Редакцияот 28.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 28-октябры № 131

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековдун жазган кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып,айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагында контрактын негизинде иштеп жаткан айыл башчылардын эмгек акылары 2020-жылда бюджет бекитилген убагында кошумча акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Ибраимов