Редакцияот 18,03,2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 18-марты № 09

«Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө»

Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы каралган маселелерди талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Оро айыл аймагынын административдик чегинде жайгашкан № 284 контурундагы жалпысы 2,90га жер аянты “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт жер түрүнөн, “Калктуу конуштуу жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомду ишке ашыруу жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымовго жүктөлсүн.

 

Тѳрайымы

 

З.Тойчубекова