Редакцияот 04.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленинполь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 2-кезектеги сессиясы

2020-жылдын 4-августу №25

Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алднча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө №№451 сандуу токтомун жетекчиликке алуу менен Бакай-Ата районунун Ленинполь Айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы  (И.Садабаев) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.М.Сапаралиевага жүктөлсүн.

 

Төрага:

Н.Шадыбеков