Редакцияот 16.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 16-марты № 1

«Жайыт комитетинин бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө»

Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 42-сессиясы Оро айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылга иш планын жана бюджетинин долбоорун карап чыгып талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Оро айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга план картасы жана бюджетинин долбоору кирешеси 213600сом, чыгашасы 213600сом болуп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин жетекчиси Ж.Райымбековго жүктөлсүн.

 

Төрайымдын о.б.

Н. Жаманкулов