Редакцияот 06.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 06-июлу № 02

Жер участогун трансформациялоо жөнүндө

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жер участогун которуу” (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алып, каралган маселени талкуулап тактап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 .Оро айыл  аймагынын административдик  чегинде жайгашкан № 284 контурундагы 0,90 га айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт жер түрүнөн “Калктуу конуштуу жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомду ишке ашыруу жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.

 

Төрагасы:

Б. Мотуев