Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 28-декабры № 209-27

2021-жылга карата акы төлөнүүчү кызматтардын тарифин бекитүү жөнүндө

2021-жылга карата Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин долбоорун карал чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1.    2021-жылга карата көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Ушул токтомду аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А.П. Филимоненко