Редакцияот 02.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 02-февралы № 233-27

Ата-энелер төгүмү жөнүндө

Аламүдүн айыл аймагында жайгашкан балдар бакчаларынын башчыларынын балдар бакчасына баргандыгы үчүн ата-энелер төгүмүн көбөйтүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. 2021-жылдын февраль айынан баштап балдар бакчасына баргандыгы үчүн ай сайын төлөнүүчү ата-энелер төгөмү 1600-00 (Бир миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Ушул токтомду аткарылышынын контролдоону өзүмө калтырам.

 

Тѳрага

А.П. Филимоненко