Редакцияот 23.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын  IV сессиясы

 2021-жылдын 23-июну № 11

 

Кошумча акча-каражат бөлүп берүү жөнүндө

КЭБ башчысы Н.Б. Джумагулованын кредитордук карыздарды төлөө үчүн кошумча акча-каражат бөлүп берүү жөнүндө катын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар жана 2021-жылдагы 15.06.  № 1 мандат боюнча комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Биринчи май айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. 2021 жылдын 01.01.акча-каражаттарынын калдыгынан керектүү чыгаша беренелерине акча-каражат бөлүнүп берилсин:

-  «Северэлектро» ААК- 129,0 М.с. (ОМ электркубаттуулугу, бала бакчалар);

- БМП ТВС и В – 191,2 м.с. (  № 4 ОМ жылуулук);

- кеңейтүүчү бак – 34,0 м.с. («Жылдыз Нуру» б\б);

- соттун аткаруу баракчасы – 3,0 м.с.

- айыл жаңылыгы – 8,0 м.с. (жарнама кызматы)

-  прожекторлорду сатып алуу – 600,0 м.с.

- Бардыгы: 965,2 миң сом.

2. Азыркы абалды эске алуу менен (чатырды шамал учуруп кетти) бөлүнсүн:

-  «Огонек» бала бакчасынын чатырын калыбына келтирүүгө- 120,0 м.с.,

- «Огонек» бала бакчасына муздаткыч сатып алууга- 30,0 м.с.

- Бардыгы : 150,0 миң сом.

3.  «Жылдыз Нуру» бала бакчасына тамактанууга атайын эсептен – 100, м.с. кошумча акча-каражат бөлүнсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Султаналиевге жүктөлсүн.

 

Биринчи май айылдык кеңештин төрагасы

Н. И. Акматалиев