Редакцияот 30.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын  V сессиясы

 2021-жылдын 30-июлу № 13

 

Акча-каражаттарынын калдыктарын 4064,0 м. сом өлчөмүндө бөлүштүрүү жөнүндө

Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар жана 2021-жылдагы 27 июлда №2 мандат боюнча комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Биринчи май айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Акча-каражаттарынын калдыктары 2021 жылдын 01.01. 4064,0 м. сом өлчөмүндө төмөнкү чыгаша беренелерине бөлүштүрүлсүн:

- спорт залдар (Живпром, Сахзавод)  – 560,0 м.с.;

- кичи футбол аянтчасынын проекттик сметалык  документациясы – 200,0 м.с.;

- айыл өкмөтүнүн имаратын жана от жагуучу бөлмөсүн оңдоо иштерине  – 200,0 м.с.;

- таштанды аянтчаларын демонтаждоо жана көрнөк жарнактарды орнотуу-100,0 м.с.;

- таштанды контейнерлерди сатып алууга 10 даана– 150,0 м.с.;

- суу түтүк системасын (100 м.) алмаштыруу № 1 ОМ– 50,0 м.с.;

- № 4 ОМ жылытуу системасын оңдоо жана чатырын жарым-жартылай алмаштырууга – 40,0 м.с.;

- жолдорду асфальттоого (1800 м.)  – 2764,0 м.с.  

- Бардыгы:  4064,0 тысяч сомов.

2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттого жөнөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Султаналиевге жүктөлсүн.

 

Биринчи айыл кеңешинин төрагасы

Н. И. Акматалиев