Редакцияот 26.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨМӨНКҮ-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 26-январы № 37/155

Төмөнкү-Аларча айыл аймагындагы юридикалык жактарга таштанды үчүн чогултулуучу төлөм жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31чи беренесинин,Кыргыз Республикасынын  2018-жылдын 10- августундагы №90чу «Салыктык эмес киреше жөнүндө» Кодексинин 24 бөлүмүнүн негизинде,Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын территориясында:

1. 2021-жылга карата таштанды үчүн чогултулуучу төлөмгө юридикалык жактардын ар бир кызматкеринен бир жылга 100 сомдон алуу орнотулсун.

2. Төмөнкү-Аларча айыл аймагындагы юридикалык жактар, ишкердик иши үчүн эсептери көрсөтүлсүн жана жылдын 1-апрелине чейин  төлөмдөр өндүрүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышына  көзөмөл жүргүзүү Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын башчысы Э.Н.Аалиевге жүктөлсүн.

 

Төрайым

Толкомбаева. Р. Дж