Редакцияот 04.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шопоков  шаардык  депутаттар  Кеңешинин  IX  чакырылышын  ХХIV сессиясы

 

 2020-жылдын 04-сентябры № 159

"Шопоков шаарынын мэриясынын кайрылуусу боюнча"

Шопоков шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүнө, 1-бөлүгүнө, 341-беренесине ылайык, К3 зоналык коэффициенттеринин маанисин бекитүү боюнча  Шопоков шаардык депутаттар Кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чектеш, чарбалык, бакча участокторун жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу үчүн 2021-2023-жылдарга карата К3 зоналык коэффициенттеринин мааниси 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шопоков шаарынын мэри      С.К.Умаралиевге тапшырылсын.

 

Шопоков  шаардык  Кеңешинин төрөгасы

Тилебек уулу Эмилбек