Редакцияот 16.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III отуруму

 

2021-жылдын 16-сентябры № 1/15

Күнтуу айылдык Кеңешинин нормативдик ченемдик актылары боюнча

Күнтуу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 1 отуруму күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айылдык Кеңешинин баардык иш кагаздары Кыргыз Республикасынын нормативдик ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн;

2. Жооптуу катчы Э.Тайгараева бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын;

3. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg  сайтына жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет;

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Күнтуу айыл кеңештин төрагасы

Э. Иманалиев