Редакцияот 21.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 21-январы № 3

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145-токтомунун негизинде иш алып баруусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу улуттук статистика комитетинин айрым укуктарын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү келишимин карап чыгып, депутаттардын Миң-Булак  айылдык  аймактык  кеңешинин  VII  чакырылышынын  отуз  экинчи   сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу улуттук  статистика комитетинин айрым ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Т. Койчубаев