Редакцияот 05.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 2021-жылдын 05-февралы №1

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы финансылык отчетун бекитүү  жөнүндө

Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын отуз үчүнчү сессиясы, айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы финансылык отчетун угуп, талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы финансылык отчету: кирешеси боюнча пландагы 7734,2 миң сомдун ордуна 8019,2 миң  сомду түзүп, 103,7 % га, чыгашасы боюнча пландагы 7734,2 миң сомдун ордуна 6487,0 миң сомду түзүп, 83,8 % га аткарылгандыгы бекитилсин.

 

Төрага

Т. Койчубеков