Редакцияот 05.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 5-февралы № 8

№8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун атоо жөнүндө

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын отуз үчүнчү  сессиясы, Миң-Булак айыл аймагындагы №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна айылдын кулуну Омурбаев Шаршенбек Шерипбаевичтин ысмын берүү  жөнүндөгү маселени  карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Миң-Булак айыл аймагындагы №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна айылдын кулуну Омурбаев Шаршенбек Шерипбаевичтин ысмы ыйгарылсын.

“Омурбаев Шаршенбек атындагы №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу” деп аталсын.

2. №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун күбөлүгүн юстиция башкармалыгынан кайрадан каттоодон өткөрүү  жагы улук мээрман Н.Шамураталиевага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Т. Койчубаев