Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 24-августу № 1

Жер жемиш кургатуучу цехти  ижарага берүү жөнүндө

Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак  айыл аймагына караштуу жер жемиш кургатуучу цехти ижарага берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин  VIII чакырылышынын  үчүнчү  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Жер жемиш кургатуучу цехти конкурстук негизде ижарага берүүгө уруксат берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздары бүткөрүлүп жарыяга берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жумакеевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Койчубаев