Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 24-августу № 4

ФАПтын имаратынын ордун аныктоо жөнүндө

Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак  айыл аймагына курулуп жаткан фельдшердик-акушердик пункттун долбоордогу ордун өзгөртүп жер тилкесинин күн батыш тарабын көздөй жылдыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин  VIII чакырылышынын  үчүнчү  сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак  айыл аймагына курулуп жаткан фельдшердик-акушердик пункттун долбоордогу ордун өзгөртүлүп жер тилкесинин күн батыш тарабынан 6 метр көчөнү көздөй жылдырылсын.

2. Долбоорго өзгөртүү киргизүү менен архитектуралык планы кайрадан даярдалсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы  А. Жумакеевага жүктөлсүн

 

Төрага

Т. Койчубаев