Редакцияот 24.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 24-августу № 6

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын январь-июнь айларындагы аткарган иштери  жөнүндө

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын үчүнчү сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын январь-июнь айларында социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жүргүзгөн иши жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакееванын 2021-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жүргүзгөн иши канааттандыраарлык деп белгиленсин.

2.  2021-жылдын аягына чейин приоритеттүү багыттар боюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Т. Койчубаев