Редакцияот 07.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги VI - чакырылышынын XXIII - сессиясы

 

2020-жылдын 7-февралы № 23/2

Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын – Тастар” коомдук бирикмесинин элдик жыйынында кабыл алынган тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Көк-Жар айылынын “Алтын –Тастар коомдук бирикмесинин элдик жыйынында кабыл алынган тарифтерин бекитүү үчүн Көк-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар” коомдук бирикмесинин элдик жыйынында кабыл алынган тарифтери “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 14-пунктуна ылайык бекитилсин.

1. Үйгө суу киргизүү- 5000сом

2. Мончо жагуу- 500-сом

3. Тегирмен иштетүү-300-сом

4. Үйгө суу киргизилгенден кийин 100-сомдон түтүнгө төгүлсүн.

5. Уруксаты жок үйгө суу киргизип алгандарга-5000 миң сом айып салынсын.

Жогоруда белгиленген тарифтер өзгөрүүсүз бекитилсин.

Мындан сырткары

 

1. Огород сугаргандарга 3000-5000 миң сом өлчөмүндө айып салынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Алтын –Тастар” коомдук бирикмесинин башчысы М. Монкоевге милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А.Кадыракунов