Редакцияот 07.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги VI - чакырылышынын XXIII - сессиясы

2020-жылдын 7-февралы № 23/6

Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-2019-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жана  2020-жылга карата                                бюджетин бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-2019-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуп жана 2020-жылга бюджетин бекитүү максатында Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат :

1. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-2019-жылдагы аткарган иштеринин маалыматын угуп,  талкуулап аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга бюджетинин кирешелер болүгү жана чыгашалар болүгү 230960 ( эки жүз отуз миң тогуз жүз алтымыш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Каралган бюджеттин аткарылышын максатка ылайык чыгымдалышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси А. Айдакеевага милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А.Кадыракунов