Редакцияот 13.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин

 

2019-жылдын 13-августу № 8/2

Ак-Моюн жайыт комитетинин эсебинен 16 000 (он алты миң) сом акча каражатын “Босого” жайлоосун тосууга кароо жөнүндө

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин  сессиясы

жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Ак-Моюн жайыт комитетинин эсебинен 16 000 (он алты миң) сом акча каражаты “Босого” жайлоосун тосуу үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Ак-Моюн жайыт комитети менен ОсОО Мүнүшкөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдин мөөнөтү 3 (үч) жылга узартылсын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага жана жайыт комитетинин төрагасы Ж.Алыбаевге тапшырылсын.

 

Ак-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Асаналиев