Редакцияот 11.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин

 

2019-жылдын 11-сентябры № 9/1

Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн бюджетинин керектүү чыгымдарга акча каражатын бөлүү жөнүндө

Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Ат-Башы районунун салык башкармалыгынын комералдык текшерүүсүнүн негизинде 167 966 (жүз алтымыш жети мин тогуз жүз алтымыш алты) сом акча каражаты пайдаланылбай жүргөн жерлердин салыгы үчүн айыл өкмөтүнүн эсебинен Ат-Башы райондук салык башкармалыгына которууга бөлүнүп берилсин.

2.Бирлик-Булак балдар бакчасына ремонт иштерин жүргүзүүгө 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.Ак-Моюн айылынын борбордук көчөсүнө коюлган көчө чырактарынын РЭСтен уруксат кагаздарын алуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

4.Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.

 

Ак-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Асаналиев