Редакцияот 08.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Арык айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын X-кезектеги сессиясы

2020-жылдын 8-апрели № 28/2

Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин экскаваторунун жана мини-ХОВО автоунаасынын айыл тургундарына кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жѳнүндѳ

1. Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин экскаваторунун жана мини-ХОВО автоунаасынын айыл тургундарына кызмат көрсөтүү боюнча тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:

Экскаватордун акысы

- Жер казуу – 1 м жер үчүн 150 сом, 1 м3 жер аянтын касуу 500 сом, майы ичинде;

- ГАЗ-53 унаасына кум-шагыл, топурак жүктөө – 400 сом, майы ичинде;

- ЗИЛ - унаасына кум-шагыл, топурак жүктөө – 600 сом, майы ичинде;

- КАМАЗ - унаасына кум-шагыл, топурак жүктөө – 700 сом, майы ичинде;

- ХОВО - унаасына кум-шагыл, топурак жүктөө – 1000 сом, майы ичинде;

- мини-ХОВО –унаасына кум-шагыл, топурак жүктѳѳ – 600 сом, майы ичинде.

Мини-ХОВО автоунаасынын акысы:

- 1 рейс үчүн кум-шагыл, топурак жана башка турмуш-тиричиликке жараша кызмат кѳрсѳтүүсү -600 сом, майы ичинде.

2.  Бул токтом айыл аймагынын баардык тургундарына тааныштырылсын;

3. Жаны-Арык айылдык Кенешинин 17.04.2018-жылдагы №15/6 токтому күчүн жоготту деп табылсын;

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы А.Түгѳлбековго тапшырылсын.

 

Төрага

К. Саралаев