Редакцияот 18.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХХVI сессиясы

2020-жылдын 18-сентябры № 56/1

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевге кызматтык эскертүү берүү жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы К.Жумабековдун билдирүүсүн  угуп жана талкуулап депутаттардын  Кара-Суу айыл аймагынын   айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиев 18.09.2020-жылы сессия болорун билип туруп , алдын ала билдирүү бербестен сессияга катышпагандыгына байланыштуу Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык «Эскертүү» жазасы берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Бейшенкулов Улукбекке милдеттердирилсин.

 

Төрага:

К. Жумабеков