Редакцияот 18.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Депутаттардын Терек айылдык кеңешинин XXII кезексиз сессиясы

 2019-жылдын 18-декабры № XXII/4

Айылды инвестициялоо үчүнчү долбоорунун сынагына катышуу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу” мыйзамына ылайык Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин сессиясы, токтом кылат:

1. АРИС уюмунун Айылды инвестициялоо үчүнчү долбооруна ири долбоор катары “Электр линияларын оңдоо, кошумча карагай жана подстанцияларды коюу” , чакан долбоорго “ФАПка суу киргизүү, айланасын тосуу жана инвентарь алуу” долбоору конкурска катышууга сунушталсын.

2. Долбоордун талабына ылайык 3,75% кем эмес салымды жергиликтүү бюджеттен берүүгѳ кепилдик берилсин жана долбоордун туруктуулугу камсыз кылынсын.

 

Төрайымы:

Ж.Ажиева