Редакцияот 06.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин IV-сессиясы

 

2020-жылдын 6-апрели № 4/2

Тарифтерди жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Ак-Кудук айылдык Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин техникасынын тарифтеринин бекитүү жана малдарды тактоо үчүн комиссиянын курамын түзүү максатында токтом кылат:

1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине караштуу жүк жүктөөчү (эксковатор) тракторунун тарифтери бекитилсин.

-Кык жана күл жүктөөгө 1 кузов үчүн- 3л май – 250 сом (телешка)

-Шагыл, кум жана топурак жүктөө 1 кузов үчүн – 4 л май- 300 сом (чон машина)

-Суу түтүктөрүн жаткыруучу каналдарды казууга 1метрге -1л май 130-сом казууга, 20 с көмүүгө.

-Саатына иштеген учурда ар бир саат үчүн – 650 сомдон, майы өздөрүнөн

-Септик чункурларын казууга- 600 сом 10 л май

-Башка казуу иштерине 1 куб – 150 сом майын өздөрү куят.

2. Техникалардан тушкөн жылдык кирешенин 35% айдоочунун эмгек акысы үчүн 65% жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине түшсүн, техникасынын запчастарын жайыттын эсебинен алышсын.

 

№

Жерди иштетүүнүн түрлөрү

1га үчүн сом

ГСМ колесной тр үчүн

ГСМ ДТ-75 үчүн

1

Жер айдоо аныз жер

800

 

 

2

Жер айдоо гусеничный трактор

800

 

30 л

3

Беде бузуу

1000

20-30 чейин

 

4

Аныз бузуу

800

20 л

 

5

Тырмоо

300

10

 

6

Себүү

400

10

 

7

Шакаб тартуу

50

2

 

8

Кара сугат

1000

 

 

9

Беде сугат

700

 

 

10

Дан сугат

800

 

 

11

Жер сугат

800

 

 

12

Чөп чабуу жатка

1000

10

 

13

Косилка

700

10

 

14

Чөп тырмоо

300

5

 

15

Чөп тартуу Кытай-Арык

400

10-25 чейин

 

16

Тартуу айылдын тереги

300

5-15 чейин

 

17

Эгин чабуу

1700

20

 

18

Эгин тартуу Кытай-Арык

350

10-20 чейин

 

19

Айылдын тегереги

300

5-15 чейин

 

20

Чөп тангактоо

7 сом 1 шт

10л май

 

3. Мал багуу акылары жана айып пулдары кой-эчки жана бодо мал тууралуу.

-Кой-эчки үчүн 35 сом

-Бодо мал-250 жана бука – 300 сом менен чечиди

-Ал эми жазгы күзгү корук иштери 25-апрелден 1-октябрга чейин бекитилди.

Мөөнөтүнөн мурда көчүп келген чабандарга жана мөөнөтүндө көчүп кетпеген чабандардын малдарына ар бир күн үчүн бодо малга – 750 сом кой-эчкиге -35 сомдон айып пул төлөнсүн. Чар жайлоосунда калган чабанга  300 баш кой-эчки жана 2 баш саан уй 2 баш мингич атка уруксаат берилет. Мындан сырткаркы малдар толугу менен ортонку жана сырткы жайлоолорго көчүп кетүүлөрү керек.

Айыл жеринде саан уйларга бадага чыгууга уруксаат берилет, субай уйларга уруксаат берилбейт. Айылдык кенеште бекиген тариф боюнча 25-апрелден тарта корук иштери башталганына байлпныштуу камакка түшкөн малдар үчүн төмөндөгүдөй айып пулдары салынат.

-Бодо мал үчүн 100 сом

-Кой эчки-үчүн 20 сом

Эгин бышкан маалда айып пул эки эселенип төлөнсүн

Ал эми камакка түшкөн мал үчүн корукчу мал ээсине билдирүү берет, белгиленген мөөнөттө мал ээси айыбын төлөп чыгарып кетпесе корукчу зыян тарткан мал үчүн жооп бербейт.

4. Мураптар үчүн

-Ар бир жер аянтынын суу каналдарын толугу менен чаап, тазалаган адам үчүн суусу берилип, 1га үчүн эмгек акысына 100 сомдон алынсын. Биринчи орунда үлүш жерге берилүүсү  камсыз кылынсын, алышын чаап тазалабагандарга, арыктарын тазалагандан кийин берилсин.Сууну сурабай өз билемдик кылып алгандарга күбөлөрдүн катышуусу менен 1500 сом айып пул салынсын. Төлөбөгөн адамдарга экинчи суу берилбесин.

-Таш булактан айыл ичинде берилүүчү суу 1,2,3,4-күндөрү 8-Март айылына 5,6,7-күндөрү өзгөрүш айылына берилсин.

-Кайнар суусунун 70% Өзгөрүш айылына ал эми 30 % 8-Март айылына берилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышы айыл башчыларга, жайыт комитетине кароолчуларга жана мураптарга жүктөлсүн.

6. Аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Рыскелдиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Алдакеев