Редакцияот 28.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы 

2020-жылдын 28-январы № 31/7

Чолпон айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар боюнча 2020 -жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Усубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 беренесинин 3 бөлүмчөсүн , 31 беренесинин 2 бөлүмчөсүнө ылайык Депутаттардын Чолпон айылдык кенеши токтом кылат:

1. 2020-жыл үчүн Чолпон айыл өкмөтүнүн атайын каржаттар боюнча :

аппарат 500,0 миң сом

бала-бакча 240,0миңсом

баардыгы: 740,0 миң сом бекитилсин жана төмөндөгү максатта пайдаланылсын:

аппарат 2215 беренеси менен ар кандай 500,0миң сом

бала –бакча 2218 беренеси менен тамак-ашка 240,0 миң сом

2. Каражаттын чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу каржы–экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Усубалиевге, алардын максатка ылайыктуу пайдаланышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго, каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Усубалиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Токтомушов