Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXXII сессиясы

2020-жылдын 21-февралы № 32/5

Тармал-Саз айылынын жашоочуларынын арызын кароо жөнүндө

Тармал –Саз айылынын жашоочуларынын арызы жөнүндө Тармал-Саз айылынын айыл башчысы Талайбек уулу Тынчтыктын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылыт:

1. Чолпон айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгынан акча каражаты бөлүнбөгөндүктөн айыл тургундарынын арызын канааттандыруу максатында тиешелүү мекемелерге кат жолдоп чечүү жагын карап берүү жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Токтомушов