Редакцияот 06.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги ХXXIV сессиясы

2020-жылдын 06-ноябры № 4

Нарын шаарындагы РТС чөлкөмүнүн Алтын-Нур көчөсүндө жайгашкан скверге маркум Абдыкадыров Алмазбек Мукашовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдарына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Нарын шаарынын РТС аймагындагы Алтын-Нур көчөсүндө жайгашкан скверге маркум Абдыкадыров Алмазбек Мукашовичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы туруктуу комиссия тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

Төрага:

Ж.Ботоканов