Редакцияот 12.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVI-сессиясы

2020-жылдын 12-ноябры № 36/1

Чекилдек айылындагы «Бакечал» каналын тазалоого  акча каражатын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамынын негизинде Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Чекилдек айылындагы «Кара-Аңыз», «Коргон» участкаларына суу кетүүчү «Бакечал» каналынын жээгин балыр басып, чырканак бак сууну тосуп калгандыгына байланыштуу, арыкты кеңейтип тазалоо  үчүн  акча каражатын кароо боюнча айылдык Кенештин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши, токтом кылат:

1. Чекилдек айылындагы «Кара-Аңыз», «Коргон» участкаларына суу кетүүчү «Бакечал» каналынын жээгин тазалоо үчүн 150,0 (бир жүз элүү миң) сом  каралып, бөлүнүп берилсин.

2. Каралган акча каражатын мыйзамдын негизинде тендерге жарыялап, которуп берүү жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Касымовага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Акишовго тапшырылсын.

 

Төрага:

Р.Базаркулов