Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХVI сессиясы

 

2020-жылдын 21-февралы № 36/3

Кочкор районунун «Кара-Күнгөй-Үкөк» СПА сын калыбына келтирүү иштерине түзүлгөн келишимге кепилдик берүүнү кароо жөнүндө

Кочкор районунун «Кара-Күнгөй-Үкөк» СПА сын калыбына келтирүү иштерине түзүлгөн келишимдин негизинде кепилдик берүү боюнча талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор районунун «Кара-Күнгөй-Үкөк» СПА сын калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү бюджеттен 25 пайызга чейинки баасын келишимдин негизинде каржылоонун алкагында Ак-Кыя айыл өкмөтү кепилдик берет.

2. Келишимдин шарттары боюнча бирикменин карызын кечиктирген учурда Ак-Кыя айыл өкмөтү өз каражатынан төлөп берет.

3. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Турдубеков Тилек Рысбекович Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги менен камсыз кылуу келишимине кол коюуга ыйгарым укуктуу болот.

 

Төрага

Р.Зарлыков