Редакцияот 28.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещешинин депутаттарынын кезектеги V сессиясынын

 

2020-жылдын 28-июлу № 5-1

Ат-Башы айыл өкмөтү  жана «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан 2019-жыл ичиндеги аткарылган иштери жөнүндө

2019-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун  отчетун жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековдун 2019-жылдагы аткарганган иштери канааттандырарлык деп табылсын;

2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановдун берген маалыматы эске алынсын;

3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2019-жыл жана 2020-жылдын 6 айлыгы боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгүн жыйынтыгын депутаттык комиссия анализдеп, кийинки сессияга сунушталып, баа берилсин;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин депутаттарынын төрагасы Т.Ыдырысовго тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары

К.Асанбаева