Редакцияот 28.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещешинин депутаттарынын кезектеги V сессиясынын

 

2020-жылдын 28-июлу № 5-3

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинде пайдаланылбай турган акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген бюджетинде кышка даярдык көрүү максатында көмүр сатып алуу үчүн акча каражаты III кварталга жетишсиз өлчөмдө каралып калгандыгына байланыштуу жана бүгүнкү күнгө көмүрдүн 50 % ашыгы келип түшкөндүктөн, айыл өкмөттүн бюджетиндеги пайдаланылбай турган акча каражатын статьядан статьяга которуп берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралып, пайдаланылбай турган 1 238 800 (бир миллион эки жүз отуз сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражаты 3111 статьясынан 2224 статьясына жылдырылып берилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары

К. Асанбаева