Редакцияот 28.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги V сессиясы

2020-жылдын 28-июлу №5-9

Ак-Сай өрөөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү турак жайдын эки бөлмөсүн ветеринардык пункт уюштуруу үчүн убактылуу берүү жөнүндө

Ак-Сай өрөөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү турак жайдын эки бөлмөсүн ветеринардык пункт уюштуруу үчүн убактылуу берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровдун билдирүүсүнө ылайык Ак-Сай өрөөнүндөгү калктын жана  жайлаганы келген малчылардын малын ветеринардык кароодон өткөрүп туруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Сай өрөөнүндөгү Жащы маданий борборунун күн батыш тарабында жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу турак жайдын эки бөлмөсүн ветеринардык пункт уюштуруу үчүн Ат-Башы райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгына 2021-жылдын декабрь айына чейин убактылуу пайдаланууга берилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго милдеттендирилсин.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары

К. Асанбаева