Редакцияот 13.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 13-октябры № 15

Жерлерди бир категориядан башкасына которуу же бир түрүнөн башкасына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы №19 токтому менен бекитилген “Жерлерди бир категориядан башкасына которуу же бир түрүнөн башкасына которуу жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара- Суу айылындагы эски бузулуп кеткен МТФнын ордунан 0,16га жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш” категориясына которулсун.

2. Токтомду аткаруу жагы Кара - Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы Р.Биримкуловго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Р.Кабылов