Редакцияот 20.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 11-декабры № 17

2020-жылдын башында аппарат тармагынын атайын эсеп счетунда эркин каражат болуп калган акча каражатты пайдалануу жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун 2020-жылдын башында аппарат тармагынын атайын эсеп счетунда эркин каражат болуп калган акча каражатты пайдалануу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкулап чыгып Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 49-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2020-жылдын башында аппарат тармагынын атайын эсеп счетунда эркин каражат болуп калган 126 300 (жүз жыйырма алты миң үч жүз) сом төмөндөгүдөй жумшалсын:

1. 59 000 (элүү тогуз миң) сом 2019-жылдын декабрь айындагы тендерден жеңүүчү аталып, алынып келинген инвентарлардан которулуп берилбей калган карыз “Солтонкул” ЖЧКнун банктагы эсебине которулуп берилсин.

2. 67 300 (алтымыш жети миң үч жүз) сом Кара-Суу айыл аймагындагы М.Береналиев атындагы спорт комплексине машыгууга керектүү шаймандарды алууга жумшалсын.

3. Каралган акча каражатты өз убагында которуп берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Карабаевага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Р.Кабылов