Редакцияот 15.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 15-декабры № 27

Долоно айыл аймагынын Орто -Арык айылынын тургуну  Токторалиева Анар «Эне данк» орденине сунуштоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү» №234 жарлыгына жана «Баатыр Эне» ордени статусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 11-июнундагы №80 мыйзамына таянып Долоно айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Долоно айыл аймагынын Таш -Арык айылынын тургуну, 6 баланы тарбиялап өстүргөн  Токторалиева Анар  «Эне даңк» орденине сунушталсын.

2.Токтомду бекитип берүү жагы Талас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Тѳрага

Б.Кошоев