БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2020-жылдын 24-сентябры № 2/4
Баш-Кайыңды айылынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин келишимин бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айылынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин келишимин бекитүү угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Баш-Кайыңды айылынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин келишими бекитилсин. (тиркеме № 1)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж.Асеков |
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынын 2020-жылдагы 24- сентябрындагы Жергиликтүү кеңештин № 2/4 токтому менен БЕКИТИЛГЕН |
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Баш-Кайыңды айылы 24- сентябрь 2020-жыл
1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 24-сентябрындагы №2/4 токтомунун негизинде иш жүргүзгөн Нарын облсунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынын башчысы Байказаков Бактыбек Чоробекович аркылуу ,
мындан ары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы», бир тараптан, жана 2. Баш-Кайыңды Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставынын негизинде иш жүргүзгөн Жайыт комитетинин төрагасы Мусаканов Нурлан аркылуу, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, мындан ары – «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси», экинчи тараптан төмөнкү келишимди түздүк.
1. Келишимдин предмети
1.1 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынын Жергиликтүү өз алдынча аткаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берет. Жайыт жерлеринин жалпы аянты: 55 991 га
№ | Жайыт участокторунун аталышы | Аянты,га | ||
Ичтеги жаздоолор | ||||
1. | Сары-Дөбө | 1080 | ||
2. | Орток | 315 | ||
3. | Беш-Салаа | 704 | ||
4. | Чоют | 246 | ||
5. | Сары-Дөбө-2 | 203 | ||
6. | Чоң-Булуң | 960 | ||
7. | Кара-Тал | 1163 | ||
| Баары | 4671 | ||
Ак-Сайдагы жаздоолор | ||||
| Талаа-Булак (Борду) | 1047,6 | ||
| Тармал-Саз | 5778 | ||
| Борду | 2049,9 | ||
| Кош-Көл | 766,3 |
| Талаа-Булак (Муздабас) | 6245,6 |
| Текелик | 4687 |
| Ак-Сайдагы жаздоолор, баары | 20574,4 |
| Ак-Сай өрөөнүндөгү жайлоолор |
|
| Эки-Чат | 1679 |
| Сур-Теке | 4003,2 |
| Көк-Көл | 2436,6 |
| Кара-Кыр | 3059,1 |
| Сагынбай-Көл | 474,8 |
| Сокур-Булак | 1036,9 |
| Балгынды | 3765 |
| Ак-Сайдагы жайлоолор, баары | 16454,6 |
| Ак-Сайдагы кыштоолор |
|
| Үңкүр-Өтөк | 1755 |
| Босого-Өтөк | 2762 |
| Кызыл-Агын | 3787 |
| Кара-Бел | 1077 |
| Көк-Бөйрөк | 2173 |
| Сокур-Булак | 2737 |
| Ак-Сайдагы кыштоолор, баары | 14291 |
| Баардык жайыттар | 55991 |
-Сунушталган жайыт жерлеринин картасы (Типтүү келишимдин №1 Тиркемеси) -Жайыт инфраструктурасынын обьектилеринин кабыл алуу-өткөрүү актылары (Типтүү келишимдин №2 Тиркемеси) (чабандардын үйү, кой короолор, мал айдап өтө турган жолдор, көпүрөлөр, купкалар) (жайыт инфраструктуралары бар болгондо кабыл алуу-өткөрүү актысы таризделет).
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
1.2. жергиликтүү өз алдынча органдарын укуктары:
1.2.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы-айыл өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
-Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык аткарылышын, жана ошондой эле бул максатта берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланышын көзөмөлдөөгө -Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирген мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө -Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылууга -Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруунун жыйынтыктары жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча маалыматтарды берүү максатында Жайыт пайдалануучулар