Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-марты № 126
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 токтомунун редакциясына ылайык)
Аскердик каттоону жүргүзүү боюнча иштин сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пунктунун бешинчи абзацындагы "аскер комиссариаттары" деген сөздөр "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан билим берүү мекемелери жана юридикалык жактар (мындан ары - уюмдар) тарабынан жүргүзүлүүчү аскердик каттоону жүргүзүү боюнча иштин абалын контролдоо коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сурамына ылайык уюмдардын маалыматтарды берүүлөрү түрүндө жүзөгө ашырылат.
Сурам иштеген (окуган) жарандардын саны төмөнкүдөй болгон уюмдарга жиберилет:
- 100 адамга чейин болсо эки жылда бир жолу;
- 100 адамдан жогору болсо жыл сайын.
Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү маалыматтарды берүү жөнүндө сурамды жиберет:
- уюмдун каттоосунда турган аскерге милдеттүүлөрдүн, чакырылуучулардын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларынын саны жөнүндө;
- жарандарды аскердик каттоону, анын ичинде запаста болгон жарандарды брондоону уюштуруу жөнүндө;
- жарандарды аскердик каттоону жүргүзүү жана запаста болгон жарандарды брондоо жөнүндө;
- чакырылуучулардын жана запаста болгон жарандардын ичинен жарандардын өздүк карточкаларынын картотекасын жүргүзүү жөнүндө.";
- 61-пунктунда: