Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 12-январы ПЖ № 8

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарга контролдук кылуу боюнча агентствону түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча агенттиктин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 17-июнундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарга контролдук кылуу боюнча агентствону түзүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча агенттиктин штаттык саны тейлөөчү кызматкерлерди эсепке албаганда 258 бирдиктен белгиленсин.".

2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев